Раззаков шаарынын мэриясы административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы жана улук тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча КОНКУРСТУК ТАНДОО ЖАРЫЯЛАЙТ. I. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: - жогорку билим; - жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; 2) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн: - жогорку билим; - жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы. II. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: - өзүнүн арызы; - резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); - негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (документ тапшырууда түп нускасын алып келүү зарыл); - эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо, документ тапшырууда түп нускасын алып келүү зарыл); - илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; - Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Талап кылынган документтер 2025 – жылдын 3-октябрь күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: 720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85;...