Раззаков шаарынын мэриясы административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы жана улук тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча КОНКУРСТУК ТАНДОО ЖАРЫЯЛАЙТ. I. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: - жогорку билим; - жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; 2) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн: - жогорку билим; - жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы. II. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: - өзүнүн арызы; - резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); - негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (документ тапшырууда түп нускасын алып келүү зарыл); - эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо, документ тапшырууда түп нускасын алып келүү зарыл); - илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; - Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Талап кылынган документтер 2025 – жылдын 3-октябрь күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: 720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85;...
Баткен областы, Раззаков шаары, 2023-жыл Раззаков шаарынын мэриясынын балдардын жана жаштардын абалы жөнүндөгү БАЯНДАМАСЫМазмуну КИРИШ СӨЗ. 3 1-бөлүм. Шаар боюнча жалпы маалымат. 4 2-бөлүм. Балдар менен жаштарынын абалынын сүрөттөлүшү. 6 2.1. Социалдык укуктук коргоо жана теңдик. 6 2.2 Балдардын саламаттыгын коргоо балдардын.. 8 жана жаштардын сергек жашоосу. 8 2.3 Балдардын коопсуздуугу. 9 Айлана чөйрө жана балдардын коопсуздугу. 15 2.5. Балдардын коомдук турмушка жана чечим кабыл алууга катышуусу. 15 Балдар үчүн бюджеттер. 16 КОРУТУНДУ СӨЗ 18 КИРИШ СӨЗ “Раззаков шаардык мэриясынын балдардын жана жаштардын абалы жөнүндөгү” доклады – бул Раззаков шаарындагы балдарга жана жаштарга байланышкан кырдаалды талдоо жана анализ болуп саналат. Доклад шаар аймагындагы балдардын жана жаштардын абалы боюнча системалуу аналитикалык маалыматтарды камсыз кылуу балдардын укуктарын маселелери боюнча оптималдуу чечүү, ошондой эле алардын укуктарын коргоо жана өнүктүрүү. Доклад, “Балдардын укуктары” жөнүндө БУУнун, "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине таянып даярдалды. Докладдын максаты шаардагы балдардын жана жаштардын абалына комплекстүү баа берүүдө аныкталган көйгөйлөрдүн негизинде жергиликтүү денгээлде чечимдерди кабыл алуу болуп саналат. Доклад Раззаков шаардык мэриясынын статистикалык маалыматтарга негизделген. Мындан тышкары, шаардагы балдардын жана жаштардын муктаждыктарын аныктоодо изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде эске алынган. Докладда билим берүү, социалдык өнүгүү башкармалыгынан, коомдук тартипти сактоо, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан маалыматтарына негизделген. Ушул докладда негизги маселелери чагылдырылып, жетим жана майып балдардын абалы, кылмыштуулук, укук бузуулардын жана жашы жете элек балдардын кароосуз калган мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларынын негизинде даярдалды. Ошондой эле баяндама балдардын маселелерин оптималдуу түрдө тез арада чечип, алардын укуктарын камсыз кылып, балдарды коргоо жана өнүктүрүү боюнча ЖӨБОнун, түрдүү мамлекеттик органдардын жана социалдык кызматтардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды аныктоо максатын көздөйт. 1-бөлүм. Шаар боюнча жалпы маалымат Исфана айылдык Кенеши 1937-жылы түзүлгөн. 1996-жылы Исфана айыл Өкмөтү болуп кайрадан...