Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктары жөнүндө Жобо бекитилди
Раззаков шаар мэриясынын 2025-жылдын 27-январындагы №18 буйругу менен Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктары жөнүндө Жобо бекитилди. Жобонун тексти менен төмөндө таанышуу мүмкүн:
Раззаков шаар мэриясынын 2025-жылдын
«___» ___________ № ____ - буйругуна тиркеме
Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктары жөнүндө
ЖОБО
Ушул Жобо Раззаков шаарынын мэриясынын (мындан ары - мэрия) сыйлыктары менен сыйлоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
I. Жалпы жобо
- Мэриянын сыйлыктары Раззаков шаарынын өсүп – өнүгүшүнө, а.и. экономикалык, социалдык, экологиялык жана башка жааттагы өнүгүүгө салым кошкон жарандардын жана жергиликтүү коомчулук алдында сиңирген эмгеги үчүн (жаран – Кыргыз Республикасынын жараны же юридикалык жак, ошондой эле чет элдик жарандар же эл аралык уюмдар) кызматын баалоо иретинде сыйлоонун түрү болуп эсептелинет.
- Мэриянын сыйлыктары менен кызматтык милдеттерин жана берилген тапшырмаларды сапаттуу жана так аткарып, дилгирлигин, демилгелүүлүгүн, кесипкөйлүгүн, чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, жогорку ийгиликтерге жетишкен, тиешелүү тармактын өнүгүүсүнө салым кошкон жарандар сыйланышат.
- Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктары болуп Раззаков шаарынын түзүлгөндүгүнүн юбилейлик медалы, “Раззаков шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы”, “Раззаков шаарынын мэриясынын Алкыш барагы” саналат.
II. Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана сунушту кароонун тартиби
- Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктарын берүүнүн негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
- шаардык өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү демилгеси жана көрүнүктүү ийгиликтери, Раззаков шаарынын тургундарынын чыгармачылык ишмердүүлүгү;
- ишкердик ишти уюштурууда олуттуу ийгиликтерге жетишүү;
- олуттуу эмгектик жана өндүрүштүк жетишкендиктер;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда өз милдеттерин, өзгөчө мааниге ээ жана татаал милдеттерди кынтыксыз жана ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн;
- Раззаков шаарында шаар чарбачылыгын, маданиятты, илимди, билим берүүнү, саламаттыкты сактоону, шаар курууну, монументалдык искусствону, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга чыгармачылык, материалдык жана финансылык салым кошкондугу, ошондой эле башка шаардык программаларды демилгелөө жана ишке ашырууга олуттуу эмгек жумшоосу;
- аз камсыз болгон жарандарды, жетим балдарды жана ата – энесинин камкордугусуз калган балдарды социалдык жактан колдоого, шаардык программаларды ишке ашырууга, материалдык – техникалык базаны чыңдоого жана ооруканаларды, мектептерди, баш калкалоочу жайларды, маданият жана спорт борборлорун, ошондой эле башка социалдык маанилүү шаар объекттерин курууга/оңдоого колдоо көрсөткөндүгү;
- жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоодо жеке эрдигин көрсөткөндүгү жана салым кошкондугу;
- массалык маалымат каражаттарынын ишмердигинде демократиялык принциптерди өнүктүрүүдөгү ийгиликтер, шаардын жана анын жарандарынын турмушун объективдүү чагылдыруусу.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген учурларда шаардын өнүгүүсү үчүн жана башка кызматтары.
- Мэриянын сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуш шаардын аймагындагы мекеме-уюмдардын жетекчилери тарабынан берилет. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын сыйлоо жөнүндө өтүнүч демилгелер тиешелүү аткаруу бийлик органдары тарабынан да берилиши мүмкүн.
- Сыйлоо жөнүндө өтүнүч юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн.
- Ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн сунуш, каттар жана башка иш-кагаздары Раззаков шаарынын мэриясына кагаз түрүндө же электрондук почта аркылуу жиберилет.
- Сыйлоого көрсөтүү жөнүндө сунуштар, сыйлана турган күндөн кеминде 15 (он беш) күн мурда сунушталат. Өз мөөнөтүндө берилбеген сунуштар комиссияда каралбайт жана кайра кайтарылып жиберилет.
- Райондук, шаардык мекеме ишканалардын кызматкерлери өзү эмгектенген мекеме же ишкананын “Ардак Грамотасын” же андан жогору башка сыйлыгын албаган учурда, ошондой эле иштеген жеринде тартиптик жазасы бар кызматкерге мэриянын сыйлыктары берилбейт.
- Өзгөчө учурларда шаардын мэри өзүнүн демилгеси менен жарандарды сыйлоого укуктуу.
- Жеке адамдардын юбилейине карата сыйлыктар берилбейт.
- Раззаков шаар мэриясынын аппаратынын кызматкерлерин сыйлоо үчүн демилге аппараттын кесиптик бирлик кеңешмесинде каралып, чечим комиссияга сунушталат.
- Мэриянын сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн документтердин тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Мекеме-уюмдардын, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жамааттарынын жана башка юридикалык жактардын сыйлоо жөнүндө сунуш каты;
- Сыйлоо барагы; Анда сыйлануучу адамдын аткарган иштери, жетишкендиктери, конкреттүү салымы тууралуу так маалыматтар көрсөтүлөт, маалыматтар кыскартуусуз берилиши зарыл (№1 тиркеме);
- сунушталган адамдын иш тажрыйбасы тууралуу маалыматтар (справка-резюме - эмгек китепчесинин негизинде жазылат, №2 тиркеме);
- чогулуштун протоколдору, коллегиялуу органдын сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечими (коллегиялуу орган жок болсо жетекчинин чечими).
- Мэриянын сыйлыктары менен сыйлоодо сыйлоого көрсөтүлгөн адамдын эмгек стаждары эске алынат жана төмөндөгүдөй белгиленет:
- Раззаков шаарынын түзүлгөндүгүнүн (шаар статусун алган күн) юбилейлик медалына көрсөтүүдө жалпы эмгек стажы 7 (жети) жылдан кем болбоого жана тиешелүү кызматта иш тажрыйбасы бар болууга тийиш;
- Мэриянын Ардак грамотасына көрсөтүүдө жалпы эмгек стажы 3 (үч) жылдан кем болбоого жана тиешелүү кызматта иш тажрыйбасы бар болууга тийиш;
- Мэриянын Алкыш барагы менен сыйлоого көрсөтүүдө жалпы эмгек стажы 1,5 жылдан кем болбоого жана тиешелүү кызматта иш тажрыйбасы бар болууга тийиш.
III. Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктары менен сыйлоо боюнча
комиссиясынын иштөө тартиби.
- Мэриянын сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндөгү сунуштар жогорку органдардын сыйлыктарына жана Мэриянын сыйлыктарына көрсөтүү боюнча шаар мэриясында түзүлгөн комиссияда каралат.
- Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктары менен сыйлоо боюнча комиссиясынын курамы (мындан ары – Комиссия) Раззаков шаарынын мэринин буйругу менен бекитилет.
- Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
- Чечимдерди кабыл алуу үчүн кворум болуп Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышуусу саналат. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
- Комиссиянын сыйлыкка көрсөтүү же көрсөтпөө жөнүндө чечими тууралуу арыз-даттануу каралууга жатпайт.
- Комиссиянын протоколунда сыйлоого сунушталган адамдын толук фамилиясы, аты, атасынын аты, ошондой эле иштеген жеринин толук аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
- Сыйлоо боюнча иш-кагаздарын даярдоо, сыйлоо комиссиясынын ишин уюштуруу – техникалык жактан камсыз кылуу, мэриянын сыйлыгы менен сыйлангандарды эсепке алуу Комиссиянын катчысы тарабынан ишке ашырылат.
- Мэриянын сыйлыктарын шаар мэриясынын социалдык өнүктүрүү сектору (милдетинде көрсөтүлгөн адис) уюштуруп даярдайт жана мэрдин кароосуна киргизет.
- Сыйлоо жөнүндө чечим мэрдин буйругу менен кабыл алынат
IV. Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктарын тапшыруунун тартиби
- Мэриянын сыйлыктары сыйлоо жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен салтанаттуу тапшырылат.
- Сыйлык Раззаков шаарынын мэри, ал жок учурда мэрдин орун басары же аппарат жетекчиси тарабынан салтанаттуу иш-чарада же эмгек жамаатынын жыйынында сыйлык ээсине жеке тапшырылат.
- Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктары менен сыйланганы жөнүндө жазуу сыйланган адамдын эмгек китепчесине киргизилет.
- Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктары бир эле адамга кайталанып берилбейт.
Аппараттын жетекчиси М.Абдираимов Г.
эскертүү: тиркемелер суралган учурда берилет