Раззаков шаарынын мэриясынын административдик муниципалдык кызматтын УЛУК тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ, БАТКЕН ОБЛАСТЫ, ЛЕЙЛЕК РАЙОНУ
РАЗЗАКОВ ШААРНЫН МЭРИЯСЫ, РАЗЗАКОВ КӨЧӨСҮ № 21
Раззаков шаарынын мэриясынын административдик муниципалдык кызматтын УЛУК тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча
АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:
I.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
---
Административдик кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн:
- жогорку билим;
- жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес стажы.
---
II. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- Өзүнүн арызы
- Резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы);
- Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- Паспорттун көчүрмөсү (кошумча).
Талап кылынган документтер 2025 – жылдын 01-май күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:
720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85; 5-02-44.