Электрондук дарек
meriya2012@mail.ru
03656-5-00-85 03656-5-09-90
Жабуу
18-февраль

Раззаков шаарынын логотип-эмблемасын иштеп чыгуу боюнча сынактын ЖОБОСУ

Раззаков шаарынын логотип-эмблемасын иштеп чыгуу боюнча сынактын

ЖОБОСУ

 

1.    Жалпы жоболор:

1.1. Раззаков шаарынын логотип-эмблемасын иштеп чыгуу боюнча сынак шаардын символун чагылдырган уникалдуу логотипти түзүү максатында өткөрүлөт. Сынактын жыйынтыгында тандалган логотип иш-кагаздарында, расмий иш-чараларда жана жарнамалык материалдарда колдонулат.

1.2. Сынакты уюштуруу-методикалык жактан камсыздоо түзүлгөн комиссия курамына жүктөлөт.

1.3. Раззаков шаарынын логотип эмблемасы – шаардын уникалдуулугун жана индивидуалдуулугун чагылдырган визуалдык символ (оригиналдуу контур, толук же кыскартылган сүрөт). Логотип шаардын символун жергиликтүү жана республикалык деңгээлде жайылтуу, инвестицияларды тартуу жана туризмди өнүктүрүү максатында иштелип чыгат.

1.5. Милдеттер:

  • Шаардын логотибин түзүүгө жалпы коомчулуктун катышуусу аркылуу көркөм каражаттар менен шаардын  символун, эмоционалдык - позитивдүү образын түзүү;
  • шаардын имиджин түзүү жана өнүктүрүү жаатында маалыматтык маданиятты калыптандыруу.

 

2.    Сынактын датасы:

2.1. Сынак “Мыкты логотип-эмблема” 2025-жылдын 20-февралынан 20-мартына чейин өткөрүлөт. Мында 10-мартка чейин катышуучулардын материалдарын кабыл алуу, 11-13-март кундөрү коомдук добуш берүүгө жарыялоо жана 14-17-март кундөрү комиссиянын кароосу.

СЫНАККА КАТЫШУУНУН МӨӨНӨТҮ 2025-жылдын 24-мартына чейин узартылды. 

https://www.facebook.com/share/p/1AMWieSy1o/

3.    Сынактын катышуучулары:

3.1. Сынакка төмөнкүлөр катыша алат:

  • Көркөм сүрөт, дизайн, графика, иллюстрация, жарнама жана ушуга окшош тиешелүү ишмердүүлүк тармактарында атайын билими же кесиптик тажрыйбасы бар адистер чакырылат. Кесипкөй дизайнерлер, сүрөтчүлөр, ошондой эле бардык чыгармачыл дизайн студиялары катыша алышат.
  • Жеке адамдар да (Кыргызстандын жарандары жана чет элдин жарандары), командалар да катыша алышат.

3.2. Ар бир катышуучу (катышуучулар командасы) сынакка бирден ашык логотип-эмблеманын долбоорун бере алат.

 

4.    Сынакка катышуунун тартиби:

4.1. Сынакка берилүүчү материалдар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

  • графикалык сүрөт (А4 форматындагы түстүү дизайндагы эскиз);
  • түшүндүрмө кат, анын ичинде аталышы, элементтердин сүрөттөлүшү жана анын символдорунун негиздемеси, эмблеманын идеологиясы;
  • автор жөнүндө маалымат:
  • жеке катышуучулар жана команда түрүндө катышкандар үчүн толук аты-жөнү, туулган жылы, жашаган дареги толук, окуган же иштеген жери (болсо), байланыш телефон номери, электрондук почта дареги;
  • юридикалык жактар үчүн – уюмдун/ишкананын аталышы, жетекчисинин аты-жөнү толук, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, байланыш телефон номери, электрондук почта дареги.

4.2. Логотип-эмблеманын графикалык сүрөтү ж.б. суралган материалдар электрондук түрдө (форматтар jpg же pdf) meriya2012@mail.ru дарегине “Раззаков логотип” темасы менен жиберилет же жеке флеш-карта аркылуу түзүлгөн комиссияга берилет.

4.3. Бул пункт өзордү: https://www.facebook.com/share/p/1AMWieSy1o/

4.4. Катышуучулар сынакка катышууга материал берүү менен ушул жобого макул экендигин ырасташат.

 

5. Сынакка берилүүчү логотип-эмблемага талаптар:

5.2. Логотип-эмблема  жаркын, эсте каларлык символ болуп, оң эмоционалдык сезимди ойготушу керек.

5.3. Логотиптик эмблеманын эскизи анын ар кандай материалдарда жана техникада андан ары колдонулушун эске алуу менен иштелип чыгышы керек. Ага байланыштуу көп сандагы майда деталдардан качуу сунушталат.

5.4. Логотиптин өлчөмдөрү сапатын жоготпостон масштабдалышы керек. Логотипте борбордук элемент катары шаардын эң жогору баалуулугун жана уникалдуулугун сүрөттөгөн элемент болушу керек. Андан башка дагы шаардын тарыхын, жаратылышын, маданий мурасын  жана/же башка маанини түшүндүргөн  элементтерди чагылдырышы мүмкүн.

5.5. Дизайн оригиналдуу, чыгармачыл жана оңой таанылышы керек. Ар кандай медиада оңой ойнотуу үчүн үч/беш түстөн ашык эмес колдонуу сунушталат.

5.6. Логотип универсалдуу жана ар кандай колдонмолорго ылайыктуу болуп иштелип чыгышы керек. Ал расмий иш-кагаздарда, иш-чараларда, мэриянын расмий сайтында, социалдык баракчаларында жана жарнамалык материалдарда колдонууга ылайыктуу болушу керек.

5.7. Логотип-эмблеманы шаардын герби катары колдонуу үчүн анын көрүнүшү тегерек формада болот. Бирок, ошону менен бирге бир нече варианттарды камтыган иштерге артыкчылык берилет, анын ичинде: горизонталдык, вертикалдуу, кыскача белги көрүнүштөрү.

 

6.    Баалоо критерийлери:

6.1. Логотип-эмблемалары төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

  • сунушталган логотип эмблемасынын сынактын темасына ылайыктуулугу, т.а.  Раззаков шаарынын логотип-эмблемасы жашоочулар арасында сыймыктануу, патриоттук жана биримдик сезимин ойгото ала турган деңгээлде болушу керек;
  • идеянын оригиналдуулугу жана жаңылыгы;
  • графикалык чечимдин оригиналдуулугу;
  • кабыл алуунун жеңилдиги, визуалдык техниканын таанылышы жана кыскалыгы;
  • эстетика жана дизайндын тактыгы;
  • өндүрүш жана басып чыгаруу оңой;
  • чыгарманын аткарылышынын көркөм деңгээли.

 

7.       Автордук укук:

7.1. Сынакка катышкан чыгарманын автордук укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик бул чыгарманы сынакка жөнөткөн/берген катышуучуга жүктөлөт.

7.2. Сынакка өз иштерин жөнөтүү менен авторлор автоматтык түрдө Раззаков шаарынын мэриясына жиберилген материалды коммерциялык эмес максаттарда (Интернетте, басма сөздө, көргөзмө стенддеринде ж.б. жайгаштыруу) пайдаланууга укук беришет. Жеңүүчү дизайн расмий колдонуу үчүн бир аз оңдоолорго дуушар болушу мүмкүн.

 

8.    Сынакты өткөрүүнүн тартиби:

8.1. Сынак эки этапта өткөрүлөт:

 

1-этап: Сынакка сунушталган бардык графикалык сүрөттөр түшүндүрмөсү менен 3 күн Раззаков шаар мэриясынын расмий фейсбук баракчасында коомдук добуш берүүгө катышуу үчүн жайгаштырылат. Коомдук добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эн көп добуш алган 5-7 финалисттер комиссия тарабынан тандалат.

2-этап: Тандалып алынган мыкты логотип эмблемалары  жеңүүчүнү аныктоо үчүн комиссия тарабынан каралат. Комиссиянын чечими анын катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 

9.    Сынактын жыйынтыгын чыгаруунун тартиби:

9.1. Сынакты даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу жана сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо боюнча комиссия түзүлөт, анын курамына Раззаков шаар мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнун кызматкерлери, маданият кызматкерлери жана искусство тармагындагы өкүлдөр кирет.

9.2. Комиссиянын курамы мэрдин буйругу менен бекитилет.

9.3. Сынактын комиссиясы берилген материалдардын негизинде сынактын жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим кабыл алат жана эң жакшы вариантты Раззаков шаарынын расмий логотип эмблемасы катары бекитүүгө комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол койгон протокол менен сунуштайт.

9.4. Сынактын жыйынтыгы менен бир жеңүүчү, о.э. экинчи орун жана үчүнчү орун үчүн байге ээлери аныкталат.

9.5. Сынактын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери комиссиянын мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсү менен аныкталат.

9.6. Сынакка берилген эмгектер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.

9.7. Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, Раззаков шаар мэриясынын расмий сайтында жана социалдык баракчаларында сынак өткөндөн кийин 2 күндөн кечиктирбестен жарыяланат.

9.8. Сынактын жеңүүчүсүнүн иши (сунуштаган логотип эмблемасы) Раззаков шаар мэриясынын логотип эмблемасы болуп калат.

 

10. Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо:

10.1. Сынакта жеңген логотип эмблемасынын автору 40000 (кырк миң) сом акчалай сыйлык менен сыйланат. Экинчи орунду алган байге ээси 10000 (он миң) сом жана үчүнчү орунду алган байге ээси 5000 (беш миң) сом акчалай сыйлык менен сыйланат. Жалпы байге фонду 55000 (элүү беш миң) сом.

10.2. Жеңүүчүлөрдун сыйлыктары алардын банктагы өздүк эсебине которуу жолу менен берилет. Ага чейин расмий сыйлоо учурунда акчалай сыйлык берилүүсүн тастыктаган сертификаттар тапшырылат.

11. Ар түрдүү маселелер:

11.1. Раззаков шаарынын мэриясы сынакты кайсы этапта болбосун токтотууга же  акыркы финалисттерди кароого чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

11.2. Сынактын жыйынтыгы боюнча нараазычылыктар болуп даттануулар болгон учурда даттануулар каралбайт жана комиссиянын чечими акыркы чечим болуп эсептелет.