Раззаков шаарынын мэриясы административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы жана улук тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча
Раззаков шаарынын мэриясы административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы жана улук тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча КОНКУРСТУК ТАНДОО ЖАРЫЯЛАЙТ. I. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: – жогорку билим; – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; 2) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн: – жогорку билим; – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы. II. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (документ тапшырууда түп нускасын алып келүү зарыл); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо, документ тапшырууда түп нускасын алып келүү зарыл); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Талап кылынган документтер 2025 – жылдын 3-октябрь күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: 720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85;...
Read More