Электрондук дарек
meriya2012@mail.ru
03656-5-00-85 03656-5-09-90
Жабуу

Раззаков шаары жөнүндө

Исфана айылдык Кенеши 1937-жылы түзүлгөн. 1996-жылы Исфана айыл Өкмөтү болуп кайрадан өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 5-февралындагы №21 Мыйзамы менен Исфана айыл Өкмөтүнүн базасында жана административдик аймагынын чегинде Исфана шаар башкармалыгы түзүлүп, райондук маанидеги шаар статусу берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451-токтому менен Исфана шаар башкармалыгы райондук маанидеги Исфана шаар мэриясы болуп өзгөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-мартындагы  №19 “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Исфана шаарына тарыхый инсан, мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун ысымы берилди.

Раззаков шаарынын аймагы 29402 га. түзүп, Туркестан кырка тоолорунун түндүк жагында,   дениз денгээлинен 1300 метр бийиктикте жайгашкан. Областтын борбору Баткен шаарынан 130 км., Республиканын борборунан 960 км. аралыкта жайгашып, Лейлек районунун борбору болуп саналат.

 Раззаков шаары чыгыш тарабынан Тогуз-Булак айыл өкмөтү, батыш тарабынан Сумбула, Ак-Суу айыл өкмөттөрү, түндүк тарабынан Сүлүктү шаары жана Тажик Республикасынын Дж.Расулов районунун Коргончо айылы менен чектешет.

Жакынкы темир жол станциясы шаардан 45 км аралыкта -Тажик Респуликасынын Согди областынын Мехробод (мурдагы Пролетар) шаарында жайгашкан.

Раззаков шаарында республикалык маанидеги, учурда иштеп жаткан «Раззаков» аэропорту бар, Раззаков-Бишкек маршруту боюнча жумасына эки жолу аба каттамы жүргүзүлөт.

Бишкек шаары менен траспорттук байланыш  Баткен-Ош-Ала-Бель-Тоо-Ашуу аркылуу жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө Раззаков шаарынын аймагында 12 мектеп, 2 гимназия мектеби, 1 жеке мектеп,  11 мамлекеттик жана 10 жеке менчик балдар бакчалары, 1 ДМЧ балдарды калыптандыруу борбору, 1 кесиптик лицей, 1 айылдык маданият үйү, 2 айылдык клуб, 4 айылдык китепкана, 1 аймактык оорукана, 1 жалпы дарыгерлер практика борбору, 6 үй бүлөлүк дарыгерлер топтору жана 2 ФАП бар.

Жалпысынан 2025-жылдын 1-январына карата  33478 адам катталган.

Раззаков шаарына 1 шаар, 6 айыл кирет. Алар: Раззаков шаары, Ак-Босого, Самат, Чимген, Тайлан, Ак-Булак жана Голбо айылдары кирет. Анын ичинде 2 айыл, Ак-Босого жана Самат айылдары чек ара айылы статусуна ээ.

Байланыш үчүн маалыматтар