Раззаков шаарынын логотип-эмблемасын иштеп чыгуу боюнча сынактын ЖОБОСУ
Раззаков шаарынын логотип-эмблемасын иштеп чыгуу боюнча сынактын ЖОБОСУ 1. Жалпы жоболор: 1.1. Раззаков шаарынын логотип-эмблемасын иштеп чыгуу боюнча сынак шаардын символун чагылдырган уникалдуу логотипти түзүү максатында өткөрүлөт. Сынактын жыйынтыгында тандалган логотип иш-кагаздарында, расмий иш-чараларда жана жарнамалык материалдарда колдонулат. 1.2. Сынакты уюштуруу-методикалык жактан камсыздоо түзүлгөн комиссия курамына жүктөлөт. 1.3. Раззаков шаарынын логотип эмблемасы – шаардын уникалдуулугун жана индивидуалдуулугун чагылдырган визуалдык символ (оригиналдуу контур, толук же кыскартылган сүрөт). Логотип шаардын символун жергиликтүү жана республикалык деңгээлде жайылтуу, инвестицияларды тартуу жана туризмди өнүктүрүү максатында иштелип чыгат. 1.5. Милдеттер: Шаардын логотибин түзүүгө жалпы коомчулуктун катышуусу аркылуу көркөм каражаттар менен шаардын символун, эмоционалдык – позитивдүү образын түзүү; шаардын имиджин түзүү жана өнүктүрүү жаатында маалыматтык маданиятты...
Read More