КОНКУРСТУК ТАНДОО ЖАРЫЯЛАЙТ.
I. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– жогорку билим;
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
2) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
– жогорку билим;
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
II. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (документ тапшырууда түп нускасын алып келүү зарыл);
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо, документ тапшырууда түп нускасын алып келүү зарыл);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Талап кылынган документтер 2025 – жылдын 3-октябрь күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:
720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85; 5-02-44.