КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ, БАТКЕН ОБЛАСТЫ, ЛЕЙЛЕК РАЙОНУ

РАЗЗАКОВ ШААРНЫН МЭРИЯСЫ, РАЗЗАКОВ КӨЧӨСҮ № 21

 

 

Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтын КЕНЖЕ, УЛУК жана БАШКЫ административдик кадрлар РЕЗЕРВин түзүү боюнча    

АЧЫК   КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

 

I.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) административдик кызмат орундарынын КЕНЖЕ тобу үчүн:

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим.

-иш стажына талаптар коюлбайт.

2) административдик кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн:

-жогорку билим, жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес стажы.

3) административдик кызмат орундарынын БАШКЫ тобу үчүн:

-жогорку билим, жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес стажы.

 

II. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  1.  Өзүнүн арызы
  2. Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  3. Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин  (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  4. Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  5. Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
  6. Паспорттун көчүрмөсү

 

Талап кылынган документтер 2024 – жылдын   20май күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:

720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85;   5-02-44.